Аймен Касенов: Мен президент болом
RU

Аймен Касенов: Мен президент болом

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-январда, Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат.

Президенттикке талапкерлердин бири Аймен Касенов өзүнүн добушун 6-кичи районундагы №56 мектепте жайгашкан шайлоо участогуна келип берди.

Добуш бергенден кийин ал шайлоодон жеңүүчү болуп чыкса, ишин соттордон баштай турганын Kaktus.media редакциясына билдирди. Кайсы болбосун сот жыйынына катышып, процессти жүрүшүнө көз салаарын айтты.

Ошондой эле, ал президентке кеткен чыгашаларды кыскартыш керек, деген сөзүнөн баш тартпай турганын кошумчалады.

Анын шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү канчалык, деген суроого бардыгынын мүмкүнчүлүктөрү бирдей, бирок ал өзүн лидерлердин үч илтигине эле кирбестен, Кыргызстандын президенти боло турганына да ишенгенин билдирди.

Эске салсак, Касенов дебат учурунда президентке кете турган каражатты кыскартуу керектигин билдирген. Ал берген маалыматка ылайык, мамлекет башчынын 900дөн ашык сакчысы бар, аларга бир жарым миллиарддан ашык каражат сарпталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/337