Афганистандын вице-президенти Тажикстанга кире качты
RU

Афганистандын вице-президенти Тажикстанга кире качты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Согушкерлерге баш ийбестен Панжшерде каршылык көрсөткөн Афганистандын вице-президенти өлкөдөн чыгып кеткенин бир нече ЖМКлар жазып чыгышты.

Талибдерге каршы согушкан Афганистандын мурдагы вице-президенти Амрулла Салех Тажикстанга кире качты. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда, Sputnik Тажикстан кабарлады.

Агенттиктин маалыматына караганда, Салехтин постсоветтик мамлекетке качканын Al Arabiya менен Afghanistan International дагы жазды.

Эске салсак, талибдер бийликти алгандан кийин өлкөдөн Афганистандын президенти Ашраф Гани чыгып кеткен. Мындан улам вице-президент Амрулла Салех Конституцияга таянуу менен өзүн-өзү президент катары жарыялап, Панжшерде согушкерлерге каршылык көрсөтөрүн айткан. Бирок 6-сентябрда талибдер Панжшерди толугу менен өз көзөмөлүнө алганы кабарланды.

Ал эми Салех менен биргеликте "Талибан" кыймылына каршы чыккан лидер Ахмад Масуд учурда коопсуз жерде экенин жана ал жакынкы аралыкта кайрылуу жасай турганын Афганистандын Улуттук каршылык фронтунун өкүлү Али Назари жазды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3391