800 пакистандык Ысык-Көлгө карантинге жайгаштырылган. Сыртта сейилдеп жүрүшөт го (видео)
RU

800 пакистандык Ысык-Көлгө карантинге жайгаштырылган. Сыртта сейилдеп жүрүшөт го (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пакистандын 800 жараны Ысык-Көл облусунда обсервацияда. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда облус боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова Kaktus.media'га билдирди.

Анын айтымында, алар 15 күнгө обсервацияда болуу үчүн Ысык-Көлгө келишкен. Бирок карантинде болгонуна карабастан сыртка чыгып, сейилдеп жүрүшөт.

"Санэпидкөзөмөл бардыгын контролго алып, ПЦР тестин же вакцинация паспортун текшерип жатат. Документтери жайында. Аларга таасир эте турган "рычаг" жок. Биз Тышкы иштер министрлигине кайрылып, пакистандыктар обсервациянын шарттын сактаган жок деп билдирдик", - деди Усенова.

Негизинен чет элдиктер Ысык-Көл районунда.

Милиция бул боюнча эмне деди?

Ысык-Көл облусунун ИИБсинин пресс-катчысы Сталбек Усубакунов милиция кызматкерлери Пакистандын жарандарына түшүндүрүу иштерин жүргүзүп, алардын жашаган даректерин аныктап жаткандыгын билдирди.

"Алар мындан ары Сауд Аравиясына жана БАЭге кетүү үчүн туристтик визанын негизинде биздин өлкөгө токтошкон. Документтери жайында. Алар тараптан одоно мыйзам бузуулар жок. Алар коомдук тартипти бузган жок", - деп Усубакунов айтып берди.

Пакистандын канча Жараны Кыргызстанга келген?

2019-жылдан бери ТИМ жыл сайын 10 миңге чукул визаны Пакистандын жарандары үчүн тариздейт. Ушул жылдын сентябрь айынан тартып, бир катар өлкөлөрдүн жарандары үчүн виза ачуу токтотулду. Министрлик учурда республикада канча пакистандык бар деген суроого жооп бере алган жок. Анткени визаны алып, бирок келбей койгондор да бар.

УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматы 1-августтан тарта канча пакистандык жаран Кыргызстандын чек арасынан өткөндүгү боюнча так маалымат берүүнү убада кылды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3394