Пакистандыктар Кыргызстанга 65 чартердик учак менен келишкен. "Манас" канча киреше тапты?
RU

Пакистандыктар Кыргызстанга 65 чартердик учак менен келишкен. "Манас" канча киреше тапты?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пакистандын жарандары Кыргызстанга чартердик учактар ​​менен келген. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар комитетинин жыйынында, "Манас" эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев билдирди.

Анын айтымында, Исламабад, Лахор жана Сиалкоттон Кыргызстанга 65 чартердик аба каттамы келген. "Авиа Траффик" - 29 каттам, Serene Air ("Серен эйр") - 24 каттам, ал эми Пакистандын авиакомпаниясы - 12 каттам жасаган. Бул каттамдар менен келгендердин саны 12 миңге жакын.

"Алардын баары туристтик виза менен келишти. Пакистан менен Индиянын жарандары биздин жарандар Россияда иштегендей Бириккен Араб Эмираттарында иштешет. Эми Дубай Пакистандан түз аба каттамдарына уруксат берди, андыктан алар транзит менен учпай калат, - деди Шаршеев.

"Манас" аэропорту алардан 540 миң доллар киреше тапкан.

Депутат Бейшеналы Нурдинов киреше жакшы экенин, туризм өнүгүп жатканын белгиледи. Бирок, анын айтымында Афганистандагы окуялардан кийин пакистандыктар алда канча көбөйгөн.

"Алар обсервацияда, андыктан үйдө отурушу керек. Туризм үчүн жакшы да, эмнеге сыртка чыгарбайсынар дегендери бар. Балким, пакистандык көрүнгөнү менен афгандыктар (террорист да) болуп чыгышы мүмкүн. Мыйзамсыз аракеттерди жасабайт деген кепилдик жок", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3404