Кыргызстан пакистандыктардан 1 миллион доллардан ашык киреше тапкан
RU

Кыргызстан пакистандыктардан 1 миллион доллардан ашык киреше тапкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Кыргызстандагы Пакистан жарандарынан бюджетке канча акча түшкөнүн айтып берди.

Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар комитетинин 7-сентябрдагы жыйынында туристтик электрондук визаны берүү чет өлкөлүктөр үчүн 51 долларга бааланарын айтты.

"Январь айынан бери 10 миңге жакын виза берилген." Кыргызаэронавигация" 65 чартердик учакты тейлегени үчүн 200 миң доллар киреше тапты. "Манас" аэропорту учактын келип, кайра кетиши үчүн 550 миң доллар алган", - деп белгиледи тышкы иштер министринин орун басары.

Мындан тышкары алар турак-жай жана тамак-аш үчүн төлөшөт. Андан түшкөн акчалар Кыргызстанда калат.

Kaktus.media редакциясына Тышкы иштер министрлиги электрондук виза үчүн төлөм накталай же кредиттик банк карталары менен интернет аркылуу да төлөнөрүн кошумчалады.

2021-жылдын июль-августь айларында Пакистандын жарандары туристтик виза алуу үчүн консулдук кызматтарды көрсөтүүгө 370 миң долларга жакын каражат төлөшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3405