Депутаттар мугалимдерге 1 миллион сом сый акы берүүнү сунушташты
RU

Депутаттар мугалимдерге 1 миллион сом сый акы берүүнү сунушташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин сайтында "Мугалимдин статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай мыйзам долбоорун депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанар Акаев даярдаган.

Документке ылайык, жалпы билим берүү уюмдарында республикалык, эл аралык предметтик олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучуну даярдаган мугалимге үч айлык маянасы сыйлык катары берилет.

Ошондой эле, жалпы билим берүү уюмдарында он жылдан кем эмес иштеген мугалимге бир жолу төлөнүүчү 10 миң эсептик көрсөткүч (1 млн сом) өлчөмүндө сый акы берүү сунушталууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2 миң 262 мектеп бар. Аларда 1 млн 222 миңден ашык окуучу билим алып, 83 миңден ашуун мугалим эмгектенет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3408