"Эгер мага добуш берсеңер бардыгы башкача болмок". Бабанов шайлоого катышып, добушун берди
RU

"Эгер мага добуш берсеңер бардыгы башкача болмок". Бабанов шайлоого катышып, добушун берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Эгер мага добуш берсеңер бардыгы башкача болмок", - деп бүгүн, 10-январда, Өмүрбек Бабанов шайлоо участогуна келип, добуш берип жатып билдирди.

Бабанов Бишкек шаарындагы №70-орто мектебинде жайгашкан шайлоо участогуна келип, добуш берип кетти. Участокко келип, каттоодон өтүп жатып, эгер өз учурунда (кеп буга чейинки президенттик шайлоо жөнүндө болуп жатат - ред. Kaktus.kg) ага добуш берсек, азыркы кырдаал такыр башкача боло турганын айтты. Андан тышкары 2017-жылы шайлоого добуш берем деп келгендер кезек күтүп калышкан, деп тамашалады.

Ал шайлоонун жүрушүнө комментарий берүүдөн баш тартты, өз добушун кимге бергенин да билдиргиси келген жок, бирок 10-январда өтө турган шайлоо таза жана мыйзам бузууларсыз өтө турганына ишенээрин кошумчалады.

"Байкасаңар, эл аябай аз келип жатат. Анткени кошумча тизме жок. Бүгүн административдик ресурс алсыз. Менимче бул ирет болуп көрбөгөндөй таза шайлоо өтөт, анткени административдик ресурстун алсыздыгын, талапкерлерге болушунча мүмкүнчүлук берилгенин көрүп жатабыз", - деди Өмүрбек Бабанов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/340