"119" чалуу борборунан 1,5 миллионго жакын консультация берилди
RU

"119" чалуу борборунан 1,5 миллионго жакын консультация берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күн сайын "119" чалуу борборуна 1500гө жакын адам паспорт алуу, жарандык абалды актыларын каттоо (ЖААК), транспортту каттоо жана башка Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (СӨМ) кызматтары боюнча кайрылышат. 2021-жылдын биринчи жарымында 200 миңге жакын жаран кеңеш алган. 100 арыз түшкөн, анын 90% каралып, тиешелүү чаралар көрүлгөн. Мындай маалыматты Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

Берилген маалыматка ылайык, "119" чалуу борборунда ар бир жаран

  • Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) иштеши,
  • паспорттору,
  • ЖААК,
  • чет өлкөлүк жарандардын каттоосу,
  • айдоочулук күбөлүгү,
  • транспорт каражаттарын каттоо,
  • шайлоочулардын тизмесинде тактоо,
  • унаанын мамлекеттик номерлеринин өзгөчө комбинацияларынын онлайн-аукциону, электрондук санарип колтамгасын алуу жана башка суроолор боюнча кеңеш ала алат.

Бул жарандарга КТБге келээрден мурун керектүү маалыматты алууга мүмкүнчүлүк берет.

Колл-центр чалуулардын санын жана сапатын электрондук жаздыруу үчүн заманбап жабдуулар жана программалык камсыздоо менен жабдылган. СӨМдүн бардык ресурстарында (grs.gov.kg, infocom.kg, portal.srs.kg, nomer.srs.kg) активдүү интернет колдонуучулар үчүн онлайн чаттар туташкан.

Кызыктуу статистика:

  • "119" чалуу борборуна кайрылган аялдар жана эркектердин саны теңме-тең;
  • чалуулар саат 10:00дөн 13:00гө чейин көп байкалат;
  • бир кеңеш берүүнүн орточо убактысы - 4 мүнөт;
  • орточо күтүү убактысы - 1 мүнөт.

Чалуу борбору түзүлгөндөн бери 1,5 миллионго жакын консультация берилген. Чалуулардын рекорддук саны 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнүндө келип түшкөн. Ал күнү 60ка жакын оператор иштеген жана жарандардан 15000ден ашуун чалуу болгон.

Эскерте кетсек, "119" колл-центрге чалуу Кыргызстандын бардык байланыш операторлору үчүн акысыз. Убактыңызды текке кетирбөө үчүн КТБге кайрылуудан мурун "119" номуруна чалып, документтердин тизмесин тактоону, каттоону, паспорттун даярдыгын жана иш графигин текшерүүнү сунуштайбыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3410