Кыргызстандын желеги бар учак Афганистанда эмне кылып жүрөт? Видео
RU

Кыргызстандын желеги бар учак Афганистанда эмне кылып жүрөт? Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media сайтынын окурманы редакцияга Euronews каналынын Кабул аэропортун калыбына келтирүү видеосунан көрүп калып сүрөт жөнөткөн. Ал жерде Кыргызстандын желеги бар учактын куйругу көрсөтүлгөн.

"Биздин учак талиптер көзөмөлдөгөн Афганистанда эмне кылып жүрөт?", - деп сураган ал.

Жарандык авиация агенттигинен редакцияга учак кайсы рейс менен учуп жүргөнү айтылды. Бөлүмдүн адиси Бегимай Таалайбекованын айтымында, Ил-76 жүк ташуучу учагы ата мекендик "Сапсан" компаниясына таандык.

"Бул учак гуманитардык жүктөрдү, дары-дармектерди Кызыл Жарым Ай аркылуу ташыган. Ал алда качан Афганистандан чыгып кеткен", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3413