4:1! Кыргызстандын курама командасы Бангладешти жеңип алды. Кубок биздики
RU

4:1! Кыргызстандын курама командасы Бангладешти жеңип алды. Кубок биздики

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 8-сентябрда Бишкекте жыйынтыкталган "Үч улуттун кубогу" эл аралык футбол мелдешинде Кыргызстандын улуттук курама командасы жеңүүчү болду. Бул күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболчулары Бангладеш курама командасы менен ойноп, 4:1 эсебинде жеңишке жетти.

Кыргызстанга тиешелүү голдорду Элдар Молдожунусов (10-мүнөт), Алимардон Шүкүров (39-мүнөт), Турсунали Рустамов (46-мүнөт) жана Бактияр Дүйшөбеков(90-мүнөт) киргизсе, Бангладешке таандык бир голдун автору Махбубур Рахман болду. Оюнду президент Садыр Жапаров дагы келип көрдү.

"Үч улуттун кубогу" эл аралык мелдеши 2-сентябрда башталган. Ага Бангладештин, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча улуттук командалары катышты. Алгач Кыргызстан 2-сентябрда Палестина курамасы менен ойноп, 1:0 эсебинде жеңишке жеткен. 5-сентябрда Палестина менен Бангладеш курама командалары беттешип, Палестина 2:0 эсебинде утуп алган.

Кыргыз футбол бирлиги уюму билдиргендей, аталган мелдеш Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы үчүн 2023-жылы Кытайда белгиленген Азия кубогунун тандоо оюндарына даярдыктын алкагында өттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3416