Популярдуу ырчылардын балдары эмне менен элек? Арасында кызуу талкууга алынгандары да бар
RU

Популярдуу ырчылардын балдары эмне менен элек? Арасында кызуу талкууга алынгандары да бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл оозуна алынып, популярдуулукка ээ болгон орто муундагы ырчылардын балдарынын көбү чыгармачылыкка аралашкан. Бирок арасында саясатка барып, же жөнөкөй тиричилик өткөргөндөрү да жок эмес.

Kaktus.media бул жолу Кыргызстандагы белгилүү ырчылардын активдүү балдары тууралуу маалымат топтоду

Малика-Дина балалык кезинен эле чыгармачылыкка аралашып келет. Ал апасынын концерттеринде ырдап жүрүп, элге таанылган. "Бактыма", "Айтчы себебин", "Ойлорум сага" деген ырлары угармандардын сүймөнчүктүү ырына айланган. Малика-Дина апасынын фамилиясына өтүп, аты документте да ушундай жазылган. Анын "атама окшош болушум мумкүн бирок, апамдын кызымын" деп айткан сөздөрү да бар. Азат аттуу мырзага турмушка чыгып, Айкүн аттуу кыздуу болгон. Тилекке каршы, азыр экөө эки башка жолго түшүшкөн.

Динара Акулованын Малика-Динадан башка Мэри-Дина деген кызы да бар. Мери-Дина учурда динге берилген жөнөкөй кыз. Ал Instagram баракчасында үй-бүлө, дин, мамиле, мотивация жана өзүнүн сезимдери боюнча узун постторду жазып турат. Бирок, бир гана айымдарга. Достугуна эркектерди кошпойт. Анын сүйүктүү жолдошу бизнесмен. Учурда үч кыз, бир уулдун апасы.

Айпери Кубик кызы ырчы, актриса. Ал берген маектеринде "Атамдын күчү, колдоосу менен чыгармачылыкка келгем" деп айтат. "Классташтар", "Ата-эне", "Сезим", "Алдаба" аттуу ырлары менен элге көбүрөөк таанылган. Кийинчерээк "Дани", "Кайненелер" деген ырлары популярдуулугун арттырган. Жолдошу Шухрат менен 2 уулдун ата-энеси. Айпери бир нече жылдан бери жолук салынып, дин жолуна түшкөн.

Кубиктин уулу Улан Калыков кино жаатында бир аз аралашып жүрүп, "Салам Бишкек" деген тасмага катышкан. Баракчасынан актёрлор менен чогуу жүрүп калганын байкаса болот. Азыр үй-бүлөлүү, бир кызы бар.

Кубиктин Айперден кийинки кызы Аймээрим. Instagram баракчасында жолдошу экөөнүн таттуу мамилесин жана тамак жасоонун рецептери менен бөлүшүп турат.

Ханбото Бек Борбиевдин баласы. Ханботонун социалдык тармактарда аккаунттары жок. Журналист Али Токтакунов жана Болот Темировдун Райымбектин бажыдагы империясы деген журналисттик изилдөөсүндө Хан-Бото Манас бажысында инспектор экени, Раим Матраимовдун жакын досу Бек Борбиевдин уулу деп айтылган. Ага Бек Супер.кж порталына интервью берип жатып, төмөндөгүдөй жооп берген. "Ал Курулуш компаниясында иштеп жүрүп, кийин менин жардамым менен эмес, өз күчү менен бажы кызматына жумушка орношкон. Райым анын иштеп жатканын да билбейт болуш керек",- деп айтып, ага таанышы аркылуу жумушка орноштуруу жакпаарын баса белгилеген. Андан тышкары, Шахназ жана Айдеми деген кыздары бар. Алар чыгармачылыктан да, саясаттан да алыс. Аккаунттары жабык.

Айгерим Расул кызы балалыгынан эле ырдап келет. "Дискотека түнкү бишкекте", "Кызганамын", "Кызыл өрүк", "Такси", "Эсиндеби" деген ырлары хит болуп, элге белгилүү болгон. Андан тышкары, мекенге арналган ырларын күйөрмандары сүйүп угушат. Айгерим чыгыш бийин да жакшы өздөштүргөн. Индия бийлерин өзгөчо жактырат. Бирок, учурда башкача ыр, башкача стили менен да эл алдына чыгып жүрөт. Жолдошу Азамат экөө уул-кыздуу болушкан.

Расул Маматкуловдун Айгеримден кийин Руслан деген уулу бар. Ал да чыгармачылыкка аралашып жүргөн эле, учурда сахнага көп чыкпай калды.

Андан кийинки кызы Аяна. Ал да ырдап, конкурстарга катышып турат. Instagram баракчасында көп пост киргизбесе да катталуучулары арбын. Гив ойнотуп, жарнама чыгарып турат.

Гүлнур Сатылганованын баласы Арнас чыгармачылыкка кызыкпайт. Ал 7-классына чейин Алтын Шаты атындагы Президенттик Балдар Академиясында окуган. Андан кийин Чынгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк лицейине которулган. Кытайдын Далянь шаарында жайгашкан Эл аралык бизнес жана экономика университетинде окуп келген. Арнас англис жана түрк тилдерин мыкты билет. Социялдык тармактарда аккаунттары да жок.

Айчүрөк Иманалиеванын кызы Аэлита быйыл 9-классты аяктады. Анын баракчасынан бийлеп, ырдап концерттерге катышып жүргөнүн байкоого болот. Айчүрөк Иманалиева баракчасында кийим саткан дүкөндөрдү жарнамалаганда көбүнчө кызына кийгизип көрсөтөт.

Иманалиеванын баракчасынан Арген жана Арлен деген балдарынын сүрөттөрүн көрүүгө болот. Бирок, алар социалдык тармактарда катталуу эмеспи же көп колдонбойбу, айтор аккаунттарын тапкан жокпуз.

Эламан Жунусуов Ибрагим Жунусовдун баласы. Эламан "КОСУнун" эл аралык мамилелер факултетин аяктаган. Жогорку Кеңеште кызматкер болуп иштеген. Бул тууралуу Facebook'тагы жеке баракчасында да маалымат бар. Журналист Али Токтакунов жана Болот Темировдун Райымбектин бажыдагы империясы деген журналисттик изилдөөсүндө Эламан Жунусов - Манас бажысынын улук инспектору деп айтылат. Ал Райымбек Матраимовдун өкүл баласы деген да маалымат бар.

1990-жылы Оштогу улуттар аралык кагылышуу учурунда туулгандыгы үчүн Ибрагим анын атын Эламан деп койгон. Ага арнап ыр жазып, чыгарма хитке айланган. Жада калса ал ыры Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго жагып, Ибрагим Жунусов белекке саат берген. Андан тышкары ырчынын Асел жана Алина деген кыздары бар.

(Маалыматтар Али Токтакуновдун материялы жана Спутник Кыргызстан маалымат агентигинен алынды).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3421