Бабыржан Төлбаев: Жеңишке жетем деп шайлоого аттандым. Биз утабыз!
RU

Бабыржан Төлбаев: Жеңишке жетем деп шайлоого аттандым. Биз утабыз!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттикке талапкер Бабыржан Төлбаев мөөнөтүнөн эрте өткөн президенттик шайлоого жана башкаруу формасын тандоо референдумуна катышуу үчүн Бишкектин №28-мектеп-гимназиясында жайгашкан №1213 участогуна келген.

Добушун бергенден кийин өзүнүн келечекте шайлоо процесси кандайча өтүшү керек экендиги тууралуу элестетүүсү менен бөлүштү. Анын айтымында, акырындык менен шайлоо манжанын тамгасы менен верификация жана фейс-контроль аркылуу жүрүшү керек. Шайлоочу кайсы жерде болбосун добушун бере алат, андайда шайлоо комиссиясынын көптөгөн кызматкерлердин штатын кармоонун зарылчылыгы болбойт, дейт президенттикке талапкер.

Төлбаев экинчи турга өткөн талапкерлердин бири болууну максат кылганын билдирди. Экинчи турда да президенттик кызмат үчүн атаандаштары менен ат салышарына көзу жетээрин кошумчалады.

Ошондой эле, Төлбаев эгер шайлоо таза жана чындык менен өтө турган болсо, шайлоонун кандай болбосун жыйынтыгына макул боло турганын айтты.

Көпчүлүктүн добушу менен шайланган президенттин командасына кошулуп иштөөгө макул болосузбу, деген суроого, жеңүүчү болуу үчүн шайлоого катышып жаткандыгын айтып, демек, "Биз утабыз!", - деп сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/342