"Балдарыбыздын окуй турган жери жок". Садыр Жапаровдон убадасын аткарууну суранышты. Видео
RU

"Балдарыбыздын окуй турган жери жок". Садыр Жапаровдон убадасын аткарууну суранышты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусундагы Кочкор районунун Кара-Тоо айылынын тургундары Kaktus.media редакциясына кайрылышты.

Айылдагы жалгыз мектеп өтө жаман абалда. Ал 1927-жылы курулган.

"Мектептин салынганына бир кылымга жакындап калды. Учурдагы президент Садыр Жапаров Кочкор районуна шайлоо учурунда барганда жаңы мектептин курулушуна акча бөлүп берүүнү убада кылган.Бирок андан бери дээрлик бир жыл өттү, эч нерсе жок. Биз Экономика министрлигине кат жаздык. Алар буга чейин 70%ы курулуп бүткөн жана өтө жаман абалдагы мектептердин курулушун бүтүрөбүз деп жооп беришти ", - дейт тургундар.

Ш.Абдылдаев атындагы мектеп төрт имараттан турат. Биринчи имарат 1927-жылы курулган, учурда ал жерде эч ким окубайт.

Экинчи имарат бир аз кийинчерээк курулган. Бирок баары жарака кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ал жерде окуу мүмкүн эмес деген корутундусу чыккан. Ошого карабай, ал жерде балдар окушат.

Үчүнчү корпус мурун бала бакча болчу. Анын да абалы жакшы эмес.

Ал эми төртүнчү имарат 2007-жылы катуу жер титирөөдөн кийинки эски имараттын ордуна курулган. Бирок, ал жерде болгону алты бөлмө бар.

Айылда мектеп курагындагы 800дөн ашык бала жашайт. Алардын көбү 3-4 чакырым алыстагы коңшу айылдарда окууга аргасыз .

"Эки жыл мурун жаңы имараттын курулушу башталып, беш миллион сом бөлүнүп, ал каражатка пайдубалы куюлган. Бул экс-президент Жээнбековдун убагында болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3431