Энергетика министрлиги: 100 эле сом карызы болсо да электр энергиясы өчүрүлөт
RU

Энергетика министрлиги: 100 эле сом карызы болсо да электр энергиясы өчүрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Наталья Никитенко Энергетика жана өндүрүш министрлигинен карызы бар абоненттерди өчүрүү маселесин иштеп чыгууну суранды.

Бүгүн, 8-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында, депутат медиктер, мугалимдер жана пенсионерлердин бир нече сом карызы болсо да өчүрүп салып жаткандыгын айтып чыкты.

"Ошол эле учурда особняктарда жарык бар. Кызыгы, алардын акылдуу счетчиктери тескери айланат экен. Сураныч, системаны кайрадан иштеп чыккыла. Антпесе, бул чындап карызы барлар менен жалган күрөшкө айланып калат. Коомдун аялуу катмары жабыркап калууда. Мындайга жол берилбеш керек", - деп депутат белгиледи.

Энергетика жана өндүрүш министринин орун басары Таалайбек Ибраев АСКУЭ (акылдуу счетчиктер) программасынын артыкчылыгы ушунда, "ал сен пенсионерсиңби, байсыңбы, кедейсиңби карабайт" деди.

"Программага ылайык, бүгүнкү күндөн тартып карызы барлар өчүрүлөт", - деди ал.

100 эле сом карызы бар абоненттер да өчүрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3434