ИИМ: Ысык-Көл облусуна массалык түрдө адамдар жеткирилди деген маалымат тастыкталган жок
RU

ИИМ: Ысык-Көл облусуна массалык түрдө адамдар жеткирилди деген маалымат тастыкталган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектен Ысык-Көл облусуна массалык түрдө адамдар жеткирилип жатат деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу ИИМдин расмий өкүлү Султан Макилов басма сөз жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында ИИМдин кызматкерлери "Ак-Жол" автовокзалынын директорун суракка алышкан.

Батыш автовокзалынын жетекчилиги массалык түрдө акысыз адамдарды ташуу маалыматы чындыкка жатпай турганын айтышкан. андан тышкары Ысык-Көл жана Нарын облусуна бара турган рейстердин бардыгы кадимки күн тартиби менен иштеп жаткандыгын далилдеген.

Андан тышкары, биз пассажирлерди да сурамжыладык, алар да маалыматты тастыкташкан жок, - деди Султан Макилов.

Макилов азыркы тапта, автовокзалдарда милициянын кызматкерлери кузөт кылып жаткандыгын кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн, 10-январда, Кырызстанда мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/343