Бир нерсе кылайын деген оюңар барбы? Окурман бензиндин кымбаттыгына нааразы (видео)
RU

Бир нерсе кылайын деген оюңар барбы? Окурман бензиндин кымбаттыгына нааразы (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактардын кыргызстандык сегментинде бензиндин көтөрүлгөнүнө нааразы болгон эркек кишинин видеосу активдүү таратылып жатат. Ал күйүүчү майдын жана газдын кымбаттыгына абдан эмоционалдуу реакция жасаган.

Бийликке нааразы болуп, бензиндин баасын көзөмөлдөө боюнча бир нерсе кылып жатасыңарбы, деген суроо узаткан. Казакстанды мисал келтирип, ал жакта акыркы жылдары баалар ошо бойдон калганын, Россияда эки эсе арзан экенин айтат.

Бирок, бир катар кыргызстандыктар, анын туура эмес маалымат берип жаткандыгын белгилеп, Россияда баалар биздикиндей эле, деп билдиришкен. Кыргызстанда күйүүчү майларга болгон бааны төмөндөтүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат, бирок Кыргызстан нефттин импортунан, демек, дүйнөлүк баалардан көз каранды.

Эске салсак, акыркы бир жылдан бери Кыргызстанда бензиндин баасы тынымсыз өсүп жатат. Бул көрүнүш улана берет, деп айтылууда. Сентябрь айынан тарта, Кыргызстандык нефтетрейдерлер бензинди, Россиянын экспортко койгон салыгын эске алуу менен алып келе башташат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3444