Садыр абаны сындасам саат берди! Тата Улан президенттен белек алды (фото)
RU

Садыр абаны сындасам саат берди! Тата Улан президенттен белек алды (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тата Улан президенттен белек алып, бул тууралуу социалдык тармактарга жазган.

"Атамбаевди сындасам 10 жылдык сүргүнгө сүрдү эле, Садыр аба чын эле айкөл адам экен, сындасам саат берди! Эми ыраазымын Садыр аба! Мени аянтка чакырбагандар эми чакырып, көргөзүп тургула, 10 жылдык сүргүндөн амнистияга чыктым!", - деп постунда жазылган.

Эске салсак, Тата Улан былтыр октябрь айындагы митинг учурунда Садыр Жапаровду колдоп катышкан. Анын "Жаштар келатат" деген ыры Жапаровдун тарапташтарынын расмий эмес гимнине айланган.

Бир аз убакыт мурун, рэпер социалдык тармактарга таарынычын айтып, "31-августта, майрамга аянтка чакырылганга татыган жокмун. От души, Улик, деп койгон жок президент", - деп жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3445