Жогорку Кеңештин шайлоосу канча сомго айлана турганы белгилүү болду
RU

Жогорку Кеңештин шайлоосу канча сомго айлана турганы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 8-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоонун божомолдонгон бюджетин ачыктады.

Нуржан Шайлдабекованын айтымында, шайлоону өткөрүү 602 миллион сомго айланат. Бирок бул көрсөткүч дагы өзгөрүшү мүмкүн.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда, аралаш система боюнча өтөт, ошондуктан БШК эскергендей кошумча чыгашалар болушу толук ыктымал.

Эске салсак, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо 447 миллион сомго чыгаша болгонбуз. Бирок, анын жыйынтыгы жокко чыгарылып, Жогорку Кеңештин VI чакырылышы ишин улантты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3446