Пирматовго кандай айып коюлганы белгисиз. Анткени прокурор түшүнүксүз сүйлөйт экен
RU

Пирматовго кандай айып коюлганы белгисиз. Анткени прокурор түшүнүксүз сүйлөйт экен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-сентябрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Пирматовдун кылмыш иши каралды.

Парламентарийди УКМКнын тергөө тобу камакка алган болчу. Ал тергөө менен кызматташууга макул болуп үй камагына чыгарылган.

Прокурор Айтбаев айыптоочу актыны окуп, Пирматов тергөө менен кызматташууга кол койгонун белгиледи.

Белгилей кетчү жагдай, прокурор түшүнүксүз жана акырын сүйлөгөндүктөн, залда отургандыктарга эч нерсе угулган жок. Ошондуктан мурунку депутатка кандай айып тагылганы белгисиз бойдон калды.

Болгону Пирматов "Кумтөр" иши боюнча бир комиссияда болгону жана бир нерсесин туура эмес жасаганы түшүнүктүү болду.

ЖМКлардын прокурордон айыптоочу актыны так жана даана окуп берүү суранычына судья соттук жыйынды өткөрүүгө тоскоол болбогула, деп талап кылды. Прокурор айыптоону окуусун уланткан.

Андан кийин сот кеңешме бөлүмүнө кирип кетиштти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3447