Кыргызстандын кайсы шаары эң көп айлык алат? Рейтинг
RU

Кыргызстандын кайсы шаары эң көп айлык алат? Рейтинг

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"HeadHunter Kyrgyzstan" компаниясы, headhunter.kg сайтынын 2021-жылдагы маалыматтарына таянып эң көп маяна алган шаарларды аныктады.

Изилдөөгө Кыргызстандын 11 чоң шаары алынган. Рейтингде Бишкек шаары биринчи орунга чыккан. Бул шаарда жарандар орточо 61 258 сом табат. Андан кийинки саптарда Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Балыкчы шаарлары турат.

Иш берүүчүлөр Бишкек, Нарын, Ош, Каракол жана Таласта эң жогорку айлыкты төлөөгө даяр.

Анализ "HeadHunter Кыргызстан" тарабынан headhunter.kg сайтында жарыяланган жумуш берүүчүлөрдүн бош орундары жана жумуш издөөчүлөрдүн резюмелеринин анализинин негизинде даярдалган.

HeadHunter - бул орто жана жогорку менеджерлерге багытталган профессионалдуу жумуш жана кадр издөө сайты. Сайтта жайгаштырылган бардык маалымат модерацияланган.

2021-жылдын августуна карата "HeadHunter Kyrgyzstan" маалымат базасында 100 миңден ашык резюме жана 700дөн ашык бош орун бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3449