Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышында кайсы депутаттарды көрө алабыз? (видео)
RU

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышында кайсы депутаттарды көрө алабыз? (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Учурда партиялар тизмелерди түзүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан кез.

Kaktus.media таасирдүү деп эсептелген депутаттарга кайрылып, келээрки шайлоого катышасыңарбы, кандай шартта талапкерлигиңерди коесуңар, деп кызыгып сурады.

Алтынбек Сулайманов менен Мирлан Жеенчороев партиянын атынан катышышат. Сулаймановдун айтымында, бир нече партиянын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Жеенчороев тарапташтары менен жаңы партиянын атынан чыгабыз деп четин чыгарды. Анын аталышы эле эки жактын альянсы жөнүндө билдирип турат дейт.

Дастан Бекешев Бишкектеги округдардын биринен талапкерлигин коеру божомолдонууда.

Марлен Маматалиев дагы бул ирет күчүн сынап көрөт. Ал "Ынтымак" партиясынын сап башында.

Аалы Карашев, Эмиль Токтошев, Сайдулла Нышанов жана дагы бир нече депутат сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, түрдүү сунуштарды карап жатканын айтышты. Партиянын тизмесине да кириши мүмкүн, округдан чыгуу мүмкүнчүлүгүн да четке кагышкан жок. Андай боло турган болсо, Аалы Карашев кичи мекени - Өзгөн районунан талапкерлигин кое алат.

Шайлообек Атазов ЖМКларга Жогорку Кеңештин VII чакырылышына кирүүгө аракет кыла тургандыгын билдирген.

Тазабек Икрамов да чечим чыгарды. Ал эчи бир партияга кошулбастан, Сузак районунан талапкерлигин коет.

Бир нече аял депутаттар да түрдүү сунуштарды карап жаткандыгын айтышты, бирок партиялык тизме менен барууга көбүрөөк ыктап жатабыз дешти.

"Бир мандаттуу округдарда биздин шанстарыбыз өтө төмөн. Тилекке каршы, эркектер аялдарды колдошпойт, аялдар деле аял депутаттарга добушун беришпейт", - дейт Айсулуу Мамашова.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда аралаш системасы менен өтөт. Шайлоого корой турган бюджеттин алдын ала берилген сметасы 602 миилион сомду түздү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3450