Мирослав Ниязов Кыргызстандын Афганистандагы элчиси кызматынан бошотулду
RU

Мирослав Ниязов Кыргызстандын Афганистандагы элчиси кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Афганистандагы Кыргызстандын элчиси Мирослав Ниязов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 9-сентябрда Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду. Билдирүүдө Ниязов берилген арызга ылайык ээлеген кызматынан алынгандыгы айтылат.

Эске сала кетсек, 17-августта Ниязов Бишкектеги ооруканада экени белгилүү болгон. Учурда ал жактан чыгарылган.

Ниязов мурунку күнү 70 жашка чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3453