Бир гана Хюррем Султан эмес. Мерьем Узерлинин беш кызыктуу ролдору
RU

Бир гана Хюррем Султан эмес. Мерьем Узерлинин беш кызыктуу ролдору

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түрк жана немис актрисасы Мерьем Узерли Азия дүйнөсү телесериалынын сыйлыктарына элчи болуп Кыргызстанга келген. Кыргызстанда жана бүткүл дүйнөдө "Даңазалуу доор" сериялындагы Хюррем Султандын ролу менен белгилүү. Kaktus.media редакциясы андан башка да сериялдардагы көңүл бура турчу образдарын чогултту.

"Түндүн ханышасы" (Королева ночи) телесериалы

Мерьем ойногон Селин француз менен түрктүн кызы. Ал Франциядагы атыр саткан дүкөндүн ээси. Кыз бай жана таасирдүү Азиз менен таанышып калат. Узак убакыттан бери маркум аялына сезими солгундабай, кайра үйлөнүү ою жок Азиз Селинди бир көрүп сүйүп калат. Көп өтпөй Азиздин багып алган уулу Картал да "Түндүн ханышасы" сериясынын каарманына ашык болот. Экөө тең Селинди багындыруу үчүн баарына даяр болушат. Ал эми кыз кимди жактыраарын билбей сезимдери чаташып калат.

"Эне жарасы" (Материнская рана) тасмасы

Салих-балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү. Ал үй-бүлөсү жөнүндө чындыкты билүүнү, туугандарын жана досторун табууну каалайт. 18 жашка толгондо балдар үйүнөн чыгып, биринчи кезекте туугандарын издей баштайт. Чындык ал өзү каалагандай болбойт. Бул образда Мерьем Узерли "Даңазалуу доордун" башка белгилүү актерлору менен бирге ойногон.

"Аары уюгу" (Улей) тасмасы

Актриса табияттын мыйзамдарына каршы аракет кылган бал челекчи аялдын ролун ойногон. Мерьм Узерли жараткан образ Айше аарылар боюнча генетикалык эксперименттер менен алектенет. Мындай оюндар жаш генетиктин өмүрүнө коркунуч туудурат, анткени, жаратылыш анын мыйзамдарын сыйлабагандарды кечирбейт. Тасма Цюрих эл аралык кинофестивалында "Чет элдик мыкты тасма" номинациясына көрсөтүлгөн.

"Башка тарап" (Другая сторона) тасмасы

"Башка тарап" башкы каармандардын ортосундагы сүйүү үч бурчтугу жөнүндө баяндайт. Мээримдүү түгөйлөр материалдык кыйынчылыктарга туш болушкан. Четиндин мурунку сүйлөшкөн кызы Сара алардын жашоосунда пайда болуп, мурунку мамилесин кайра баштоону чечет. Сара жашыруун план ойлоп таап, Четинге жогорку маяналуу жумуш сунуштайт. Негизги шарт - жашаган жерин алмаштыруу. Жигит бул сунушка макул болуп, бирок, сүйүктүүсү Эдже менен кошо көчүп келет. Ушундан кийин үчөөнүн ортосунда кызык окуялар башталат. Бул тасмада Мерьем Узерли Саранын ролун ойногон.

"Жингез Реджаи" (Джингез Реджаи) сериялы

Абройлуу ууру деген лакап атка ээ болгон Жингез Реджай көп жылдар бою жок болуп кетип, кийин кайтып келет. Ал уурулук ишин командасы жок ишке ашырат. Жингез Реджай компьютердин генийинин үйүн тоноо үчүн топтун мүчөсү болуп калат. Күн алыс образын алмаштырып, башка-башка кийинет. Бирок, чыныгы максаты эмне экенин эч ким билбейт. Мерьем Узерли Гесенин ролун ойногон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3465