Ысык-Көлдө скутердин ээси чет элдик кардарды сабады (видео)
RU

Ысык-Көлдө скутердин ээси чет элдик кардарды сабады (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө суу скутеринин ээси чет элдик кардарды сабап салган. Бул тууралуу социалдык тармактарга күбө болгондор жазышты.

Алардын айтымында, скутердин ээси чет элдик жаранга (божомолдоолор боюнча пакистандык жаран) суу скутерин колдонуу шарттарын түшүндүрүп бере албай койгон. Кардарын сабап, милицияга алып барам, деп коркуткан.

"Скутерде болгону фильтрине кум тыгылып калыптыр. Бир топ талаш-тартыштан кийин чет элдик жаранды кое берүүгө макул болуп, 5000 сом төлөп берүүсүн талап кылды. Мындай көрүнүштөн кийин кайсы турист биздин өлкөгө келмек эле? Дагы канча убакыттан кийин маселени сөз менен чечсе деле боло тургандыгын түшүнөбүз, дароо эле токмоктобой?" - деп интернет колдонуучу жазган.

Ысык-Көл облусунун ИИБси инцидент боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын Kaktus.media редакциясына билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3475