Индиялыктар тойлорун Кыргызстандан өткөрүшөт
RU

Индиялыктар тойлорун Кыргызстандан өткөрүшөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Индия тарап үлпөт тойлорду жана саякаттоолорду Кыргызстанда өткөрүү маселеси боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйыны учурунда Индия-Евразия соода кеңешинин төрагасы Харвиндер Пал Мехта билдирди.

Анын айтымында, алардын максаты туризм тармагын өнүктүрүү. Биз Кыргызстанда Болливудду жарнамалоого жана индия тойлорун өткөрүүгө кызыкдарбыз.

"Кыргызстандагы отель, пансионаттар менен тыгыз иштешебиз. Өзүңөр билгендей биздин свадьбалар масштабдуу өтөт. Бул жака чоң үй-бүлөлөр, 500 кишиге чейин келет", - дейт Харвиндер Пал Мехта.

Делегациянын жетекчиси Асиф Икбал соода кеңеши Мумбаи шаарында кыргыз кеңсесин ачууну пландаштырууда. Кеңсе, продукцияны импорттоо жана экспорттоо маселелерин чечет.

"Кыргызстанда как жана балдан батончиктерди жасоо өндүрүшүн ачып, даяр продукция Индияга жөнөтүлөт. Андан тышкары, айыл-чарба боюнча окутуу борборлорун ачабыз. Ноябрь айында кышкы туризмди өнүктүрүү маселелери талкууланат", - деп Асиф Икбал белгиледи.

Акыркы эки жылда Индия менен Кыргызстандын ортосундагы товар айлантуу $82 миллионду түзгөн. Негизинен фармацевтика жана маалыматтык технология жаатында кызматташуу жүрөт.

"Биз Афганистандан кургатылган мөмө жемиштерди ташып келчүбүз. Бирок ал жактагы кырдаал татаал бойдон калууда. Ошол көлөмдүн бардыгын Кыргызстандан алып турсак деген пландар бар. Ошондой эле, дүйнөлүк деңгээлдеги индиялык ооруканалдардын өкүлүчүлүгүн да ачабыз", - деп Асиф Икбал сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3476