Бишкекте Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү тартылган дубал пайда болот
RU

Бишкекте Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү тартылган дубал пайда болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн дубалында Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү тартылды

DOXA арт-тобу Токтогул көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн дубалына (Үсөнбаев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн ортосунда) сүрөт тартып жатат.

Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси болгон. Сыйлоо аземинен кийин спортчу күмүш медалын Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арнаганын жарыялаган.

Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин Боконбаев жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде DOXA арт-тобу "Кумган кармаган бала" аттуу сүрөттү тартышкан болчу. Тилекке каршы, аны кайра толугу менен сырдап салышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3479