Ала-Тоо аянтында эмне үчүн эл чогулуп жатканын милиция билбейт
RU

Ала-Тоо аянтында эмне үчүн эл чогулуп жатканын милиция билбейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ала-Тоо аянтында активдүүлүк өтө жогору болуп, журналисттер кырдаалды чагылдырып жатканына карабастан, ИИМ эмне үчүн эл чогулуп жатканын билбейт.

Журналситтер укук коргоочу органдардын кызматкерлеринен эмне максат менен борбордук Ала-Тоо аянтына эл чогулуп жана ким колонка менен аппаратураны орнотуп жатат, деп кызыгып сурашты.

ИИМдин өкүлү Султан Макилов билбейм, деп жооп берген.

"Факт келип түшкөн эмес. Сураштырабыз", - деди ал.

Референдумга шайлоочулардын 33%ы катышып, өттү деп таанылды. Ал ортодо Ала-Тоо аянтына эл чогулуп, белгисиз адамдар музыкалык аппаратураны орнотуп жатышат. Уюштуруучулар себеби эмне экенин айтышкан жок, болгону шайлоого байланыштуу экенин билдиришкен. Концерт саат 20:00го пландалганы айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/347