Садыр Жапаров: Парламенттик шайлоо май айынын соңунда өтөт
RU

Садыр Жапаров: Парламенттик шайлоо май айынын соңунда өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

10-январда, Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум өттү. Боршайком шайлоонун алдын ала натыйжаларын жыйынтыктап жатат. Электрондук эсептөөнүн натыйжасы боюнча кечки саат 23:00го карата Садыр Жапаров үчүн 79,15% адам добуштарын беришкен. Бул миллиондон ашык кыргызстандык. Ошол эле учурда, калктын президенттик шайлоого катышуусу өтө төмөн болуп, болгону 33,13%ы келген.

Садыр Жапаров 23:00дө өзүнүн штабында пресс-конференция берди.

"Парламенттик шайлоо май айынын соңунда өтөт. Ошондо, силер көрөсүңөр, шайлоо административдик ресурс колдонбой, сатып алууларсыз жана башка мыйзам бузууларсыз өтөт. Мындан ары бардык шайлоолор ачык-айкын өтөт. Мен мындан мурун айтып келгем, блокчейн ситемасын киргизебиз, деп. Келечекте ал бардык урналарга орнотулат, ошондо бардык жарандар кайсы жерде жүрбөсүн, шайлоого катыша алышат", - деди ал.

Ошондой эле Жапаров БШК шайлоонун жыйынтыгын бурмалабайт, деп кошумчалады.

"Элдин аң-сезиминде, БШК шайлоонун жыйынтыктарын бурмалайт, деген түшүнүк калыптанып калган. Мен да ошондой пикирде болчумун. Бирок бийликке келгенде, бардык серверлерди текшерип, БШКдагы көзөмөлдү көрүп, андай кылуу мүмкүн эместигине көзүм жетти", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/349