Кайсы актриса көбүрөөк таанымал деп ойлойсуз?Сиз жактырган актрисаны белгилеңиз
RU

Кайсы актриса көбүрөөк таанымал деп ойлойсуз?Сиз жактырган актрисаны белгилеңиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кино тармагында кайсы актриса көбүрөөк белгилүү. Бул жолу kaktus.kg инстаграмда белгилүү актрисалар боюнча сурамжылоо өткөрдү. Анда жактырган актрисаларын белгилеп кетишкен. Эми белгиленген актрисалардын ичинен кимиси биринчи экенин тандоого сиз да катышыңыз.

Элина Абай кызы

Элина Абай кызы 1990-жылдын Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал бий өнөрү менен алектенип, "Версус" тобунун бийчиси катары таанылган. Андан тышкары таэквондо менен машыгып жүргөн. Кесиби боюнча бухгалтер. Бирок, кийин актердук чеберчиликти үйрөнүп, бир нече белгилүү кинолорго тартылган. 2015-жылы "Курманжан датка" тасмасы жарыкка чыккандан кийин мамлекеттик жогорку сыйлыктардын бири "Даңк" медалы менен сыйланган. Андан башка "Боз салкын", "Гаишники", "Уурунун махабаты", "Сулуулар жана миллион", "Күкүк Шахра" жана "Саякбай" деген кинолорго катышкан. Ошондой эле коңшу Казакстандадын "Жат" деген киносуна тартылган.

Асем Токтобекова

"Боз Салкын" тасмасындагы башкы ролу менен белгилүү болгон Асем 1986-жылы туулган. Ал өзүнүн режиссер катары дебюттук тасмасы "Көк жалга" да тартылган. Ошондой эле "Уурунун махабаты", "Дарак ыры", "Сүйүү күчү" жана башка тасмаларында роль жараткан. Асем актриса гана эмес, ырчы катары да таанымал. Анын репертуарында 30дай ыр бар.

Айжан Аденова

Айжан Аденованы "План Б" киносунан кийин көп таанышат. Ошондой эле ал "Профессорду изде" жана "Welcome to Kyrgyzstan" аттуу кинолордо роль жараткан. "Жарайт City" шоусунун мүчөсү. Жакында эле тартылып бүткөн "Кошунаны тандабайт" сериялынын башкы каармандарынын бирин ролун аткарган. Үй-бүлөлүү, бир уулдун энеси.

Аида Даниярова

Аида Руслан Акундун "Салам, Нью-Йорк" тасмасында ойногондон кийин популярдуулукка ээ болгон. Ал көп тасмага тартылбаса да элге таанымал актрисса катары белгилүү. Учурда модель. Үй-бүлөлү, бир уул, бир кыздын апасы.

Рахат Божокоева

"Сүйөм дечи", "Саякбай" , "Көк салкын-2", "Кекеч", "Сагын", "Движениение кылыш керек" тасмаларында роль жараткан. Комедия, драма жанрындагы кинолорго көп тартылган. Ал телеалыпбаруучу, модель болуп да жүрөт. Үй-бүлөлүү, 2 баласы бар.

Мадина Талипбек

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде кино жана театр актрисасы адистиги боюнча окуган. Ал Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип тарткан "Кызыл жолук жалжалым" киносунда башкы каарман Аселдин ролун жаратат. Андан тышкары "Ала качуу", "Дарак ыры" кинолорунда да тартылган.

Назира Айтбекова

Назира Айтбекова 1985-жылкы. "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием" аталышындагы кинодон кийин актриса катары белгилүү болгон. Аны менен катар "Көк-Салкын","Шайлоо" жана түрк киносу "Селам Бахара Йолжулук" киносуна катышкан. Ал эми азыр Кыргызстанда популярдуу болуп жаткан "Кошунаны тандабайт" сериялында Жанканын ролун аткарат.

Ага чейин Назира теле алып баруучу катары коомго белгилүү болгон. Теледе эле эмес башка иш-чаралардын да көрүнүктүү алып баруучусу катары таанымал. Учурда бир баласы бар.

Айпери Чотонова

Айпери "Жарайт Ситинин" мүчөсү. Ал ар кандай образдарды аткара алчу таланты бар. "Перекупшик" киносунда башкы ролдордун бирин жараткан. "Кошунаны тандабайт" сериялында жана башка кинолорго да катышкан. Көбүнчө шаңдуу ролдоду жаратат. Ал коомчулукка тамашакөй кыз катары белгилүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3500