Кыргызстандын түштүк аймагында 41 киши күйдүргү оорусунан дары алып жатышат
RU

Кыргызстандын түштүк аймагында 41 киши күйдүргү оорусунан дары алып жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад ооруканасына күйдүргү оорусун (сибирская язва) жугузуп алды деген шек менен түшкөн жети киши дарылануусун улантып жатышат. Тартипке ылайык, дагы бир топко чейин ооруканада болушат. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Республиканын карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун эпидемиология бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Бектурдинов айтып берди.

Ал берген маалыматка ылайык, экөөнүн анализдери жугуштуу илдетти татстыктады. "Алар 41 киши менен контакт болушкан экен. Бардыгы амбулатордук дарылануунун алкагында антибиотик ичип жатышат", - деп Бектурдинов белгиледи.

Күйдүргү (Сибирская язва) - инфекциялык оору, аны Bacillus anthracis деген бактерия козгойт. Бул инфекция адамга үй жандыктарынан, адатта уй, кой жана эчкилерден жугат. Бактериялар бөлүп чыгарган токсиндер өтө уулу болгондуктан өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Күйдүргү адатта жаныбардан жаныбарга же адамдан адамга жукпайт. Көбүнчө, ооруган малды баккан же ооруган малды сойгондор, андан чыккан азыкты (эт, тери, жүн, сөөк) колдонгондор, жегендер жугузуп алышат.

Кыргызстанда маал-маалы менен күйдүргү оорусун жуктуруп алуу фактылары аныкталып турат. Улуттук статкомдун маалыматы боюнча былтыр 12 кишиде сибир жарасы аныкталган. 2019-жылы эки учуру катталса, 2018-жылы 29 учуру каттоого алынган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3502