Кырчындагы токой чарбасына 69 000 сом өлчөмүндө зыян келтирилген
RU

Кырчындагы токой чарбасына 69 000 сом өлчөмүндө зыян келтирилген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик токой чарба агенттиги үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрынан 12-сентябрына чейин Ысык-Көл токой чарбасынын Кырчын тилкесине текшерүү жүргүзгөн. Күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгында 14,6 м³ Тянь-Шань карагайы кыйылып, токой чарбасына 69047,76 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган. Мындай маалыматты ведомоствонун басма сөз кызматы жөнөткөн.

Белгилүү болгондой, бул факты боюнча Мамлекеттик токой чарба агенттиги Ысык-Көл токой чарба ишканасына белгиленген тартипте мыйзамсыз токой кыюу боюнча материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүүнү тапшырды. Ошондой эле, Ананьево токой чарбасынын Кичи-Аксуу токойчусу М.Т. Райымбеков кызматтан бошотулганга чейин күнөөсүн мойнуна алынгандыгына байланыштуу, андан токой чарбасына келтирилген зыянды өндүрүү, мындан тышкары, Ысык-Көл токой чарбасынын директоруна катуу дисциплинардык чараларды көрүү тапшырылды.

Мыйзамсыз токой кыюуга жол бербөө максатында, Мамлекеттик токой чарбасы агенттиги

Ысык-Көл токой чарбасына берилген токойду тазалоо боюнча бардык уруксаттарды жокко

чыгарды жана ушул жылдын 13-сентябрынан тартып мамлекеттик токой фондусунун аймагында жыгач даярдоону убактылуу токтотууну тапшырды. Ошондой эле, Кичи-Аксуу жана Чоң-Аксуу капчыгайларында жайгашкан постторго видеобайкоо камераларын орнотуу процессин тездетүү тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3510