Байгуттиев: Садыр Жапаровду кумир туткандардын ишеними канчалык күчтүү экенин көрөбүз
RU

Байгуттиев: Садыр Жапаровду кумир туткандардын ишеними канчалык күчтүү экенин көрөбүз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттикке талапкер Жеңишбек Байгуттиев шайлоонун жыйынтыкарын тааныгандыгын билдирди.

"Ооба, шайлоочулардын болгону 30%ы катышты. Менимче добушун бербей калган 70%ы да өлкөнүн тагдыры үчүн жооптуу. Кандай болгон күндө да бийлик Садыр Жапаровдун колуна өттү. Эми ал шайлоо алдында берген убадаларын эле эмес, өлкөнү кризистен чыгарууга жана башка көптөгөн маселелерди да чечүүгө тийиш. Мен президентке жана бүтүндөй өлкөгө ийгилик каалайм. Мамлекетибиз тиешелүү өнүгүү жолунун траекториясын тандайт деп үмүттөнүп, ишенимимди артып келем" - деди ал.

Өзүм тууралуу айта турган болсом, бүгүнкү жыйынтыкты эсеп жүргүзүүнү башаты катары кабыл алам. Ал объективдүү болдубу же жокпу, дегеле, 30%дык катышуу болуп турганда менин шайлоочум урнага жеттиби же үйүндө калдыбы билбейм. Бирок бул жеке чөйрөдө айтыла турган сөз, сыртка чыгаруунун зарылчылыгы жок.

Байгуттиев ага ишеним арткан тарапташтарына ыраазычылык билдирди.

"2021-жыл оңой жылдардан болбойт: Садыр Жапаровду кумир туткан фанаттарынын ишеними канчалык күчтүү экенин текшерүү али алдыда", - деди ал.

Сураныч, өлкөнү талкалап албагыла. Мүмкүн болушунча сактагыла. Кыргызстанда тынчтык жана өнүгүү болсун.

Эске салсак, кечээ, 10-январда, Кыргызстанда мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өттү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Садыр Жапаров жеңишке жетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/351