Бүгүн, мектептердеги коопсуздукту 800дөн ашуун милиция камсыздайт
RU

Бүгүн, мектептердеги коопсуздукту 800дөн ашуун милиция камсыздайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараларда коомдук тартипти коргоо үчүн 15-сентябрда Чүй облусунун 800дөн ашуун милиция кызматкерлери тартылган.

Бүгүн, 15 -сентябрда, Чүй облусунун милиция кызматкерлери Билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараларда коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоону камсыздашат. Бул тууралуу Чүй ИИБсинин басма сөз кызматы маалымдады.

Берилген маалымтка ылайык, укук тартибин камсыз кылууга 800дөн ашуун милиция кызматкери тартылган. Алардын арасында өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, аймактык милиция кызматкерлери, жана билим берүү мекемелеринин жанында Чүй облусунун ИИББнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана Кайгуул күзөт кызматкерлери нөөмөттө турушат.

Чүй облусунун аймагында 320дан ашык билим берүү мекемелеринде салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө, аларда алдын ала маалыматтар боюнча 199 миңден ашуун окуучу билим алат, деп Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3529