"Этият болгула". Рыскелди Момбеков Жанар Акаевди коргоду
RU

"Этият болгула". Рыскелди Момбеков Жанар Акаевди коргоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жанар Акаевдин бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча Рыскелди Момбеков сөз катты: "Дегеле, Жанар бийликти басып алат деген кеп, Гитлер Берлинди басып алат дегендей эле нерсе. Анан калса, кыймыл болбогон жерде кылмыш кантип болсун? Ой болгон күндө деле "бой" болгон жок да...", - деди депутат .

Депутат Жанар Акаевдин "Мен өзүм отурган бийликти өзүм кайра кантип басып алмак элем" деген сөзүн эске алды.

"Анын мындай пикирин, жан дүйнөсү жакыр адамдар башка нукка салышы мүмкүн, " Жоок, сен президенттик бийликти көздөгөнсүң, оболу ошол жакты көксөгөнсүң" дегендей түркөй түшүнүк менен. Асыресе, президенттик кызматка Жанардын башы жеткени менен жашы жетпейт да!", - деп жазган ал.

Депутат ошондой эле Жанар Акаевге өкмөттүк кызматтарды мурунку, азыркы бийлик деле сунушташкан, баш тартып койгон депутаттыкка барам дегенин айтты.

"Азыркы саясий абал, ала качкан аттын үстүндөгү баланын абалындай. Аша чаап кетем деп, аласалып кетпегиле. Бирөө эркелеп кетсе, бирөө эртелеп кетет, этият болгула...", - деп жазган.

Эске сала кетсек, буга чейин ИИМдин тергөө кызматы "Алмазбек Атамбаев, Курсан Асанов жана Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди бийликти күч менен басып алуу беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачканы маалымдалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3536