Балбак Түлөбаев шайлоо тууралуу: Эл жеңди, тарыхый чындык
RU

Балбак Түлөбаев шайлоо тууралуу: Эл жеңди, тарыхый чындык

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэринин м.а. Балбак Түлөбаев президенттик шайлоодо эл жеңди деп эсептейт. Ал бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

Түлөбаев Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктап, элди аны колдоого чакырды.

"Эл жеңди. Эл тажаган. Эл үмүттү тандады. Чыныгы жеңиш. Тарыхый чындык. Текши кыргыздын жеңиши. Садыр Жапаров Ажобузду куттуктайбыз. Эми жалпы жардам берип өлкөнү өстүрөбүз. Өзүнүн абройу менен алды. Алдыда өтө чоң ашуулар, кыйынчылыктар турат. Убакыт керек. Колдоо керек", - деп мэрдин м.а. аткаруучусу жазды.

Эске салсак, кечээ, 10-январда, Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум өттү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Садыр Жапаров президенттик шайлоонун жеңүүчүсү болду.

Автоматтык эсептөө көрсөткөндөй, шайлоочулардын 79,2%ы добуштарын Жапаровго беришкен. Колго эсептөөлөр жыйынтыктала элек, азыркы учурда берилген маалымат боюнча Жапаров 83,94% пайыз алды.

Экинчи орунда Адахан Мадумаров - 6,69% алды. Ал эми үчүнчү орунда Бабыржан Тольбаев, ага шайлоочулардын 2,39%ы добуштарын беришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/353