Чолпон Джакупова шайлоо тууралуу: балконскийлер, башкалар алдыңарга койгонду жей бергиле
RU

Чолпон Джакупова шайлоо тууралуу: балконскийлер, башкалар алдыңарга койгонду жей бергиле

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандагы мөөнөтүнөн эрте өткөн президенттик шайлоо жана башкаруу формасы боюнча референдумдун жыйынтыктары күтүлгөндөй эле болду, деди Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Джакупова.

Анын сөзү боюнча, экинчи тур болот же шайлоо таанылбайт деген үмүт менен өздөрүн сооротуп келген талапкерлер да үмүтүн өтө алсыз билдирип жатышты.

"Шайлоону региондор жасашат, шаар ар дайым начар катышат. Бул ирет президенттикке талапкерлердин көбу шаардыктар болушту. Ал эми Жапаровду региондор тандашты. Көпчүлүк талапкерлер үчүн бул күчүн сыноо болду. Мен, жок дегенде биринчи менен экинчи талапкерлердин ортосундагы айырмачылык азыраак болот деп ойлогом, 20-30% деп, бирок Жапаровдун жеңиши башкалардын таш-талканын чыгарды", - дейт Джакупова.

Анын пикири боюнча, шайлоо ар дайым мыйзам бузуулар менен коштолот, кээде алар тоталдык мүнөздө өтөт, 4 октябрдагы парламенттик шайлоодогудай. Кээде салыштырмалуу азыраак колдонулат. Эгер Сооронбай Жээнбеков катышкан акыркы президенттик шайлоону эске ала турган болсок, Садыр Жапаров ага салыштырмалуу админ ресурсту кыйла аз колдонду.

"Октябрь айындагы бийлик алмашуу мыйзамсыз өткөн, мындай кырдаалда админ ресурсту да колдонуу татаал. Анын үстүнө 2017-жылы Жээнбековдун артында Атамбаев турган. Ал эми Жапаровдо андай көрүнүш болгон жок, - дейт Джакупова. - Ошондой эле Жапаровдун жеңишинин бирден-бир себеби - эл бийлик органарына такыр ишенбей калган. Албетте, ал жаңы пайда болгон саясатчы эмес, бирок анын бийлик эшелонунда отуруусу минималдуу болду".

Жапаровдун жеңишке жетүүсүнүн дагы бир себеби - добуштарды сатып алуу салыштырмалуу аз болду. Анткени каймактын бардыгы парламенттик шайлоо учурунда эле чогултуп алынган, ошондуктан эч ким акча чачкан жок, финансылык мүмкүнчүлүктөр чектелүү болду.

Президенттик башкаруу формасы тууралуу азыр бир нерсе деп айтыш оор, дейт Джакупова. Өлкөнү позитив күтүп турабы же негативби - белгисиз.

"Биринчи кадрдык дайындоолор бийликтин мүнөзүн айгинелейт: өлкөбүз же өнүгөт, же ич ара араздашуулардан башы чыкпайт. Конституциянын жаңы вариантын көрмөйүнчө, президенттик формадан эмне күтүштү айта да албайм. Анткени 2010-жылдын да 2016-жылдын да конституциялары парламенттик деп эсептелинчү эмес, аларды аралаш форма, деп да айтуу болбойт. Алар президенттик башкаруу формасы болуп келген: мамлекеттин жетекчиси тышкы, ички саясатка, экономикага жана кадрдык дайындоолорго кийлигишчү", -деп эскертти эксперт.

Анын пикири боюнча, өлкө белгисиздикке кептелди: 2016-жылдын Конституциясынын легитимдүүлүгү күмөн, Жогорку Кеңештин VI чакырылышы өзүнүн легитимдүүлүгүн түгөттү. "Тынчы жок күндөр уланууда. Канчалык эрте легитимдешсек, ошончолук эрте туруктуулук келет, - дейт экс-депутат. - Бардыгы, анын ичинде утулуп калган талапкерлер да эң жаман нерсе согуш экенин түшүнүшү керек. Ар кимибиз жоопкерчиликтүү болуп, өз ишибизди уланта берели.

Талапкерлер бири-бирин сындап, айыптап, жек көрө беришсин, бирок шайлоонун жыйынтыгын моюнга алып, иштеп баштоосу зарыл.

Жапаров тарыхтан сабак алып, командасына адискөй адамдарды топтойт, деп үмүттөнөм. Ал регионалдуулук, уруучулук принципинен алысташы керек. Бул нерсеге мамлекет да, ал өзү да кызыкдар.

Ошол эле учурда Джакупова, Жапаровдун тарапташы эмес экенин баса белгиледи. "Мен өз добушумду Жеңиш Байгуттиевге бергем. Бирок Жапаров келди, анын акылы, күч-кубаты өлкөнү өнүктүрүүгө жетет, деп үмүттөнөм", - деди ал.

Чолпон Джакупованын пикри боюнча, Кыргызстандын жарандары азыркыга чейин "тандап, өз тандоосу үчүн жоопкерчилик тартууга үйрөнө элек. Мындай сапаттын жоктугу шайлоодон кийинки катастрофалык кесепеттерге алып келип жатат. Тандоону шаардыктар, "балконскийлер" жасаган жок. региондук жарандар өздөрүнүн тандоо укугу менен көбүрөок пайдаланып, өзгөрүүлөргө көбүрөөк даяр экенин көрсөтүштү. Шаардыктардын билим денгээли аларды жарандык жоопкерчилигинин деңгээлин чагылдырбайт. Эми, балконскийлер, башка ашпозчулар даярдап, алынарга койгонду жей бергиле. Силер жада калса тандап.ю ашпорзчу жалдаганга чамаңар жетпейт экен!", - деп Чолпон Джакупова сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/354