Төлбаев Садыр Жапаровго өзүн өзүнөн билимдүрөөк адамдар менен курчоону кеңеш берди (видео)
RU

Төлбаев Садыр Жапаровго өзүн өзүнөн билимдүрөөк адамдар менен курчоону кеңеш берди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттикке талапкер Бабыржан Төлбаев Кыргызстанда өткөн шайлоонун жыйынтыктарына комментарий берип, Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады. Ал видеокайрылуусун өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.

Бөлбаев өзүнүн командасына жана колдоп өз добушун бергендерге рахматын айтты.

"Үчүнчү орун биринчи ирет шайлоого катышкан адам үчун жакшы көрсөткүч. Анын үстүнө мен саясий аренада пайда болгонума бир-эки эле ай болду", - деди президенттикке талапкер.

Ошондой эле, Бабыржан Төлбаев өзүнүн атаандаштарына да ыраазычылык билдирди. Ал Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктап, ага өз кеңешин берди.

"Мен сизге бир кеңеш бергим келип турат: өзүңүздү сизден билимдүүрөөк, тажрыйбалуураак жана даанышман адамдар менен курчаганга аракет кылыңыз, алар сизди күчтүрөөк кылышат. Ал адамдар сизге чындыкты гана айтышсын, бул мамлекетти башкарууда жардам берет", - деди Бабыржан Төлбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/355