Курсан Асанов коркунучтуу кылмышкерлер кармалган жерге жөнөтүлдү. Видео
RU

Курсан Асанов коркунучтуу кылмышкерлер кармалган жерге жөнөтүлдү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталып жаткан ички иштер министринин мурдагы орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асановго карата баш коргоо чарасы каралды.

Адвокат Икрамидин Айткулов журналисттерге билдиргендей, Асанов тартиби катаал №50 тергөө абагына эки айга камала турган болду.

"Мунун баары мурда Кой-Таш айылындагы окуялардын негизинде Алмазбек Атамбаевге каршы иш ачкан ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевдин иши . ", - деди Айткулов.

Эске сала кетсек, Курсан Асанов интернетте Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Алмаз Сарыбаев менен бийликти басып алуу ниети тууралуу сүйлөшкөн деген үн жазууну жарыялагандан кийин кармалган. Бул иш боюнча Сарыбаев дагы кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3561