Ала-Тоо аянтында саат 14.00дө боло турган концерт саат 15.10до башталды (видео)
RU

Ала-Тоо аянтында саат 14.00дө боло турган концерт саат 15.10до башталды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, Бишкекте, Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодон жеңип чыгышына арналган концерт жүрүп жатат.

Аянтка алдын ала аппаратура жана сахна орнотулган. Кайгуул кызматынын башкармалыгы саат 13:00дөн баштап өзгөчө буйрук берилгенге чейин, Чүй проспектисин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин тоскон.

"Ошондуктан, айдоочулардан бул иш чараны түшүнүу менен кабыл алуусун суранабыз", - деп Кайгуул кызматынын башкармалыгы белгиледи.

Аянтка болжол менен 500гө чукул адам чогулду. Бирок концерт белгиленген убакыттан бир саатка кеч башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/356