Кыргызча так сүйлөгөн блогер Карим: Визажист болгонума уялбайм
RU

Кыргызча так сүйлөгөн блогер Карим: Визажист болгонума уялбайм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Карим Зайцев блогер, визажист жана модель. Ал Кыргызстанда туулуп-өсүп, кыргызчаны жакшы сүйлөйт. Улуту башка болсо да, жүрөгү Кыргызстан деп согоорун айтат. Андан тышкары, чет өлкөгө чыкпай эле бул жакта калгысы келээрин кошумчалады.

Кыргызча сүйлөгөндөн уялгандарга таң калам. Биз Кыргызстанда жашап жатабыз да, андыктан мамлекеттик тилди билишибиз керек. Ал бизге калтырылган мурас, аны биз да өз урпактарыбызга өткөрүп берели.

Карим эски, дастан ырларды ырдап, интернетке жүктөгөндү жактырат. Баракчасындагы видеолору көп көрүүчү топтой алган, айрыкча Tiktokто. Кыргызча ыр жазсамбы деген ойлору да бар.

Башка кесипти окуганы менен сулуулук тармагына көбүрөөк кызыгат. Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөргө барып билимин жогорулатып келип турат. Башкалардын "жигит болгонуңа карабай кыздардын ишин кыласыңбы?" деген терс комментарийлерине көңүл бурбай, ушул иш менен нан таап жегениме уялбаганын айтат. Анын келечекте жеке салон ачуу планы бар.

Каримди фотомодель болуп берүүгө да көп чакырышат. Ал бул тармакта да конкурстарга катышып жүргөнүн эскерди. Бирок, модель болуу анын негизги максаты эмес экенин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3571