Арстан Алай: Жапаров өлкөгө оорчулук алып келет, процесс башталды
RU

Арстан Алай: Жапаров өлкөгө оорчулук алып келет, процесс башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бул жеңиш эмес!" - деди презденттикке талапкер Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай). Ал Kaktus.media'га 10-январь күнү өткөн шайлоонун жыйынтыктары боюнча комментарий берди. Эске салсак, добуштун 80%ын алган Садыр Жапаров шайлоонун жеңүүчүсү болду.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы шайлоону жеңип чыккан, азыр эми кайда? Рингдеги мушкерди элестеткиле, эгер ал жыгылып калса, бул анын атаандашы жеңди дегендик эмес да. Дагы экинчи, үчүнчү, төртүнчү раунддар бар.

"Ооба, Жапаров көпрчүлүк добуштарды алды. Бирок бул жеңиш эмес, бул өлкөнүн трагедиясы", - деди ал.

"Жапаровдун шайланышы өлкөгө оорчулук, кыйын күндөрдү алып келет, процесс башталды. Аллах ар дайым таза жана чынчыл адамдарды колдоп келген. Жапаров андай эмес", - дейт президенттикке талапкер.

Президенттикке талапкерлердин арасынан эң төмөн көрсөткүч алганына кандай карайсыз, деген суроого: "Мен өз миссиямды аткардым. Мен Аллахтын алдында тазамын, Жапаров болсо жок", -деп жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/358