Экс-премьер-министр Кубатбек Бороновду финпол суракка чакыртты
RU

Экс-премьер-министр Кубатбек Бороновду финпол суракка чакыртты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы экс-премьер-министр Кубатбек Бороновду суракка чакырды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, Боронов коронавирустун пандемиясына даярдык көрүү иши боюнча суракка чакырылууда.

ЭККМКнын тергөө органы аны эртең, 12-январь күнү, саат 11:00го күтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/359