Күнүнө 30% үстөк пайызы менен берсең, түрмөгө отуруп калышың мүмкүн
RU

Күнүнө 30% үстөк пайызы менен берсең, түрмөгө отуруп калышың мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 17-сентябрынан тартып, Жарандык кодекстеги акчалай формада займ берүү боюнча өзгөртүүлөр ишке кирет.

Мындан ары, бул - насыя берүү ишмердүүлүгү катары бааланат.

Улуттук Банк Kaktus.media'га берген түшүндүрмөсүндө, акчалай формада займ берүү ишмердүүлүгү профессионалдуу деп табылат, эгер төмөнкүлөрдүн бирине дал келишсе:

  • белгисиз жактарга займ берүү боюнча сунушту жарнамалоо (ачык оферта);
  • бир айдын (отуз күндүн) ичинде (эки же андан көп жолу) системалык негизде займ берүү;
  • займ берүү юридикалык жактын/жеке ишкердин же физикалык жактын негизги же жалгыз ишмердүүлүгү болсо.

Улуттук Банк белгилегендей, өзгөртүүлөр керектөөчүлөрдүн укугун коргоо үчүн киргизилди.

Бир нече мүнөттүн ичинде накталй акча алуу мүмкүнчүлүгү адамдардын көңүлүн жогорку пайыздан алаксытып жатат. Мындай көрүнүш алынган займды жана пайыздарды кайтарууда көйгөйлөрдү жаратууда.

КРдин "КРдеги өсүмгө акча берүү ишмердүүлүгүн чектөө боюнча" Мыйзамына ылайык, ушул жылдын 31-декабрына чейин мүмкүн болуучу жылдык пайыздык ченем 29,94%дан жогору болбоого тийиш. Бирок иш жүзүндө айрым субъектилер займ бергенде, жылдык пайыз 1000%га чейин чыгып жатат. Анткени, күнүнө 30% деп элди адаштырышат.

"Агрессивдүү" финансылоо калктын социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизүүдө.

Мындан ары, акчалай формада займ берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Улуттук Банктан уруксат берүүчү лицензия алуу зарыл. Документи жок туруп иш жүргүзүүгө тыюу салынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3615