"Менин атым Алтуха, Алтуха болом". Милиционер менен кримавторитеттин күлкүлүү сүйлөшүүсү
RU

"Менин атым Алтуха, Алтуха болом". Милиционер менен кримавторитеттин күлкүлүү сүйлөшүүсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алтуха (Алтынбек Ибраимов) каймана аты менен белгилүү болгон кримавторитет, милицияга профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүү үчүн чакырылган. Алардын сүйлөшүүсү интернетке тарады.

ИИМ билдиргендей учетто турган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн сүйлөшүүгө чакыруу, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн алдын алуу чараларынын алкагында жүргүзүлөт.

Алтынбек Ибраимов, 1979-жылы туулган, криминалдык милиция кызматына жеткирилген. Ал коп ирет соттолгон, криминалдык дүйнөдө "смотрящий" статусуна ээ болчу, деп ИИМ маалымат берди.

Социалдык тармактын кыргыз сегментинде профилактикалык суйлөшүүнун үзүндүсү чыккан. ИИМдин кызматкери Алтынбек Ибраимовдон өзү тууралуу айтып берүүсүн суранган, кримавторитет ага көнүмүш болуп калган "жаргон" тилинде жооп кайтарды.

"Менин атым Алтуха, Алтуха болом", - деди кримавторитет.

"Алтуха, мен сага бир нерсени айтып коеюн. Балким, келечекте сен кылмыш дүйнөсүндө кимдир бирөө болгуң келет. "Вор в законе" болгуң келет, деп уккам. Бирок, эсиңе түйүп кой: Кыргызстанда ОПГ менен күрөш жүрөт. Сен бул тууралуу ойлонушуң керек. Кыргызстанда ОПГ болбойт. Биз оперлер турганда, ОПГ эч качан баш көтөрбөйт", - деп милиционер өктөм сүйлөдү.

Кримавторитет "Маселе жок", - деп айтып, башын ийкеди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/362