Атамбаевдин небереси математика боюнча өткөн эл аралык олимпиададан медаль утту
RU

Атамбаевдин небереси математика боюнча өткөн эл аралык олимпиададан медаль утту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин небереси Селим Атамбаев World mathematics invitational (WMI) Математика боюнча эл аралык олимпиадасынын финалдык раундунда медаль алды. Бул тууралуу Facebook баракчасына Кадыр Атамбаев жазды.

Атамбаевдин небереси - "Эмгеги үчүн" (Merit medal), деп аталган байге менен сыйланган.

Белгилүү болгондой, Селим Атамбаев буга чейин Малайзияда өткөн математика боюнча эл аралык олимпиададан да үчүнчү орун алган экен.

"Билим - бул эң күчтүү курал, анын жардамы менен дүйнөнү өзгөртүүгө болот", - деп Нельсон Мандела айткан. Селим да дүйнөнү жакшыраак кылууга аракет кылып жатат. Пандемия жүрүп жаткан кезде, шахмат боюнча онлайн-программаларга чогултуп жаткан "копилкасын" сындырып, каражатынын бардыгын саламаттыкты сактоочу мекемелерге жардам катары өткөрүп берген", - деп Кадыр Атамбаев жазган.

Эскерте кетсек, Селим Атамбаев Сеидбек Атамбаевдин улуу баласы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/363