Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов ЭККМКга суракка келди
RU

Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов ЭККМКга суракка келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 12-январда, экс-премьер-министр Кубатбек Боронов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына суракка келди.

Журналисттердин, кайсы иш боюнча суракка чакырылды, деген суроосуна "билбейм", - деп жооп берген.

"Эмнеге чакырылганымды билбейм, балким пандемия боюнча", - деди Боронов.

Пандемия учурунда кандай мыйзам бузулуулар болду эле деген суроого да: болгон эмес, - деди.

Белгилей кетсек, ЭККМК мындан мурун Кубатбек Борновду коронавирустун пандемиясы учурундагы чиновниктердин шылакылыгы ишине байланыштуу суракка чакырып жаткандыгын билдирген. Андан тышкары COVID-19дан көп сандагы адамдардын каза болуу фактысы боюнча да тергөө жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/364