Рейтингдеги алдыңкы беш корей сериал. Сизге кайсынысы көбүрөөк жагат?
RU

Рейтингдеги алдыңкы беш корей сериал. Сизге кайсынысы көбүрөөк жагат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башка элдин сериалдары өнүгө баштаганы менен корей сериалдары актуалдуулугун жоготпой келет. Айрыкча жаштар арасында. Башкы каармандардын образдарын кумир туткандар да аз эмес. Көчөдө өзүн корей стилинде алып жүргөндөр көбөйүп баратканын баарыбыз эле байкап жатсак керек.

Анын себеби дал ушул популярдуу болуп жаткан сериалдардын таасири экени анык. Андыктан редакция рейтингдеги алдыда бара жаткан беш корей сериалын топтоду.

"Пентхаус"

"Пентхаус" дорамасы жыргалчылыкта жана бакубат жашоодо жашоону максат кылган аялдын тагдырын баяндайт. Ал болгон күчүн жумшап Каннамдагы элиталык пентхаустун жүзүнчү кабатында жашоону максат коёт. Барган сайын аял өзү жек көргөн желмогуздарга окшоп баратканын түшүнө баштайт. Ал эми экинчи сезонунда көрүүчүлөр социалдык пирамиданын чокусуна жетүүнү каалап, жамандыктарга белчесинен батып калгандардын андан аркы тагдыры менен таанышат.

Үчүнчү сезондо башкы каарман кордогон күйөөсүн гана жеңип, тынчтыкта ​​жашагысы келет. Бирок, күйөсү түрмөдө отурса да аялын кайра кордогонго жетишет. Интригалардан чарчагандардын тагдыры кантип өзгөрөт, каармандар акыры тынчтыкты жана бакытты таба алабы деген суроолордун тегерегинде болот.

"Полиция академиясы" (Полицейская академия)

Ю Дун Ман өмүрүнүн жыйырма жылын өзгөчө оор кылмыштарды тергөө бөлүмүндө иштеп өткөргөн. Эми ал кылмышкерлерди издеп гана тим болбостон, жаш муундагы тергөөчүлөр менен өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшөт. Дон Ман сабак берген институтта таланттуу балдар көп. Алардын бири - бала кезинен бери детектив болууну кыялданган 1-курстун студенти О Кан Хи аттуу жаш детектив полиция. Юдан тажрыйба топтоого гана эмес, чыныгы сүйүүнү табууга да жетишкен. Балким убакыттын өтүшү менен легендарлуу мугалиминен ашып кетет.

"Ооруканадагы акылдуу жашоо" ("Мудрая жизнь в больнице")

Драманын негизги темасы - гуманизм. Серия оорукананын кантип иштээрин жана андагы дарыгерлер, медайымдар, пациенттер жана башкалардын туш болгон кыйынчылыктарын көрсөтөт. Башкы каармандар нейрохирург Seonghwa (Jung Mi Do), акушер-гинеколог Seokhyun (Ким Дэ Мён), хирург Ikjun (Cho Jong Suk), көкүрөк хирургу Zhunwang (Jung Kyung Ho), балдар хирургу Jongwon (Yoo Yeon Suk).

"Кызыл асман" ("Красное небо")

Дорама Жозеондогу жалгыз сүрөтчү аял жөнүндө. Ал тубаса сокур болот. Анын ата-энесинин айтымында, кызы эч качан көрө албайт. Бирок, алар жаңылган. Укмуш кереметтин натыйжасында сүрөтчүнүн көзү кайра көрөт. Ал бактылуу келечеги үчүн күрөшүүп, көптөгөн адамдарга үлгү боло алат. Астролог жигит аны сүйүп калат. Жигит жылдыздарды сезе алган адам болот.

"Ча Ча Ча Деңиз жээгиндеги шаарча" (Приморская деревня Ча Ча Ча)

"Ча Ча Ча Деңиз жээгиндеги шаарча" чакан шаарда жашаган Хун Ду Шик аттуу жаш бала жөнүндө. Бул жердин жашоочулары аны жоопкерчиликтүү жана баарына жардам берүүгө даяр жигит катары таанышат. Жигиттин туруктуу кирешеси жок, ар кандай жумуштарды аткарат. Бир күнү ал тиш доктур Юн Хе Джинге жолугуп калат. Доктор бул жерге клиника ачуу жана тынчтыкта ​​жашоону баштоо үчүн келген. Экөө бир-биринен айырмаланып турат. Бирок, алардын ортосунда орток нерсе бар жана бул нерсе аларга көптөн бери керектүү болгон нерселерди табууга жардам берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3661