"Даңазалуу доор" сериалы чыныгы тарыхка дал келеби?
RU

"Даңазалуу доор" сериалы чыныгы тарыхка дал келеби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сериал көркөм чыгарма, албетте так эмес тарыхый окуялар да бар. Бирок, жалпысынан алганда, "Даңазалуу доор" сериалы 500 жыл мурунку Осмон империясындагы жашоону чагылдырат. Кооз кийимдер, куулук, калп, паракорчулук, алтургай адам өлтүрүү жөнүндө.

1. Канча баласы болгон

Сериалда Хюррем -Султандын 5 баласын - Мехмед, Селим, Баязид, Жихангир жана Михриманы көрүүгө болот. Бирок, падишанын аялы 6 баланы төрөгөн. Мехметтен кийин Абдуллах деген баласы төрөлгөн. Сыягы режиссёрлор анын төрөлүшүн сценарийге кошкон эмес.

2. Ибрагим менен Хатиженин мамилеси

Фантастика - Ибрагим менен Хатиже Султандын башталышындагы кат алышуусу. Чындыгында, Хатижеге жакын келе алган эмес.

3. Изабелла жөнүндө

"Даңазалуу доордун" авторлору принцесса Изабелла жөнүндө жазган.Бул доордо Изабелла улгайган аял болгон. Александра Анастасия Лисовсканын сүйүү тажрыйбасын кооздоо жана күчөтүү үчүн фантастика.

4. Фирузе-Хатундун

Фирузе-Хатундун Сулаймандын жашоосунда болгонуна эч кандай тарыхый далил жок.

5. Махидеваран Сулаймандын аялы болгонбу?

Махидеваран чыныгы жашоодо Сулаймандын аялы болгон эмес. Теги боюнча черкес, тактынын мураскери Мустафа, Александра Анастасия Лисовсканы уулантуу аракетинен кийин, алар түбөлүк эски сарайга сүргүнгө айдалган. Сериалда кожоюн аны кечирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3668