Түрдүү ыкма менен сүрөт таркан Эрадил: Тарыхта калчу адамдардын сүрөтүн тарткым келет
RU

Түрдүү ыкма менен сүрөт таркан Эрадил: Тарыхта калчу адамдардын сүрөтүн тарткым келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эрадил Ыктыярбек уулу белгилүү адамдардын сүрөтүн ага тиешелүү буюмдар менен тартып таң калтырат. Мисалы, Мессинин сүрөтүн топ менен тарткан. Ал жасаган жумуштарын видеого тартып алууну адатка айландырып алган.

Сүрөтчү көчөлөргө тарыхта калчу адамдардын сүрөтүн тарткысы келерин айтат.

Көчөгө, чоң имараттын сыртына, Акжол Махмудовдун сүрөтүн тарталы деп ойлогонбуз. Учурда демөөрчү издеп жатабыз. Буюрса, табылса эле тарта баштайбыз.

Ага көбүнчө белгилүү адамдар жана бизнес ээлери буюртма беришет. Мунун артынан бул тармактан көбүрөөк каражат таба баштаганын кошумчалады.

Негизи башка жумуш менен да алектенем. Бирок, акыркы убакта сүрөтчүлүктөн көбүрөөк каражат таба баштадым. Дос балам менен чогуу иштеп, бир күндө 20 миң сом тапкан күндөрүбүз болот.

Эрадилдин түрдүү буюмдар менен тарткан сүрөттөрүн видеодон көрсөңүз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3676