Сузакта айылдашына бычак сайган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
RU

Сузакта айылдашына бычак сайган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, "Пакыр Калла" каймана аты менен белгилүү болгон, 1975-ж.т. жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 30-декабрь күнү саат 14:00 чамаларда Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө райондук ооруканадан 1983-ж.т. Т.Б. оң жак көкүрөгүнө учтуу нерседен жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы билдирилген.

Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгышып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулган.Бул факты боюнча топтолгон материалдар ошол эле күнү Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык)

менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган фактынын бетин ачуу максатында Сузак РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жабырлануучунун айылдашы, мурда бир нече жолу соттолгон, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, "Пакыр Калла" каймана аты менен белгилүү болгон Сузак районунун 1975-ж.т. тургуну Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкаганда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/367